Абылгазиев басма сөз катчысынын сөздөрү үчүн депутат Иманалиевден кечирим сурады

Депутат Каныбек Иманалиевдин жардамчысы Нурдин Жолдошбеков фейсбукта пост жарыялап, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев басма сөз катчысынын сөздөрү үчүн эл өкүлүнөн жеке кечирим сураганын билдирди. Буга чейин премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев депутатты Кыргызстандын экономикасын билбейт деп айткан болчу.

Жолдошбековдун айтымында, Абылгазиев 4-майда Иманалиевге чалып, басма сөз катчысы билдирүүнү аны менен макулдашпастан жасаганын айткан.

Өз кезегинде Иманалиев буга түшүнүү менен караарын билдирген. Ал экономикалык маселелер боюнча сунуштардын бардыгын тез арада жүзөгө ашыруу зарылчылыгы бар экенин белгилеген.

«“Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, көптөгөн мамлекеттик аткаминердер бул окуядан сабак алары шексиз», — деп жазган депутаттын жардамчысы.

Kaktus Media басылмасынын кабарчылары депутат жардамчысынын билдирүүсүн бышыктап бергенин кабарлашты.

Крокодил чуусу

30-апрель күнү өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев өкмөттү өзгөчө абал маалында ишмердүүлүктү жандантуу тууралуу токтомду коңшу Казакстандан көчүрүп алган деп сындаган.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев 1-майда депутатты кыргыз экономикасын билбесе керек деп айтып, аргумент катары Иманалиевдин интернетте мемге айланган Нарын дайрасындагы крокодилдер тууралуу цитатасын келтирген.

«Мындай объекттер, алардын жамааты жана өндүрүш ишмердиги — Нарын дайрасындагы жомок крокодилдер эмес, алар бар жана жарандарды жумуш жана киреше менен камсыздап иштеп жатышат», — деп эсептейт Султаналиев.

Буга жооп катары парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Абылгазиевдин басма сөз кызматкери депутат Иманалиевди кемсинтти деп билдирген.

Натыйжада өкмөттүн аппараты Абылгазиевдин басма сөз катчысына карата «тартипке чакыруу мүнөзүндөгү чаралар көрүлөт» деп кабарлаган.

Бул ызы-чуунун чоо-жайын кененирээк окуңуз келсе, бул жерди басыңыз.