Өлкөдө дагы бир медкызматкерде коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Акыркы бир сутка ичинде Нарын облусунда дагы бир медикте коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 5-майда билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 217ге жетти — алардын 150сү айыгып, ооруканадан чыгарылды. COVID-19га чалдыккандардын арасында дарыгерлер, орто медперсонал, кичи медперсонал жана башка кызматкерлер бар.

2-майда коронавируска чалдыккан №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси Жүзүмкан Кокумбаева каза болду. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматованын айтымында, маркум өпкө илдетин өзү иштеген оорукананын медкызматкеринин биринен жуктурган.

Мурдараак 29-апрелде №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 9 медкызматкер ооруну жуктуруп алганы белгилүү болгон. Алар коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон эмес, медиктердин айтымында алардын атайын коргонуучу каражаттары жетишсиз болгон. Саламаттык сактоо министрлиги учурда мунун чоо-жайын териштирүүдө.

Буга чейин вице-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирусту иш убагында жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза тапкан медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндөгү кун төлөмдөрү каралып жатканын кабарлаган.

Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Азамат Жумакеев маалымдагандай, коронавирусту жуктуруп алган медиктерге 100 миң сомдон кем эмес, ал эми илдеттен каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө 500 миң сомдон кем эмес компенсация төлөнмөкчү.

Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган. Ал эми министрликтин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов 2-майда коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирди. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 843кө жетти. Алардын ичинен он бири каза таап, 600 адам илдеттен айыкты.