Депутат медиктерге төлөнчү кун азайтылганы үчүн өкмөттү отставкага кетирүүнү сунуштады

Депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттү отставкага кетирүү сунушун айтып чыкты. Саясатчы медиктерге төлөнчү компенсация азайтылганына нааразы. Мурдараак коронавирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, ал эми кокус медкызматкер каза таба турган болсо анын үй-бүлөсүнө миллион сом компенсация төлөп берүү убадаланып, бирок натыйжада кундун суммасы эки эсе кыскартылып бекитилген.

«Бул алдоо да. Эгер өкмөт милдеттенмелерин аткара албаса, анда отставкага кетип же бардыгын түшүндүрүп, кечирим сурашы керек», — деди эл өкүлү.

Компенсация

Алгач бийлик 200 миң жана миллион сом компенсация төлөп берилээрин билдирген. Бирок андан кийин сумманын өлчөмүн бекитүүнү чечишкен. Депутаттар апрелдин ортосунда мыйзам долбоорун демилгелешкен, ага ылайык, каза тапкан врачтардын үй-бүлөсүнө маркумдун акыркы ээлеген кызматы боюнча 20 жылдык акчалай камсыздоо өлчөмүндө сумма төлөнүп турмак. Бирок апрелдин аягына карата министрлер аны ошо бойдон жактырбай коюшкан.

Саламаттык сактоо министрлиги 29-апрелде коронавирус аныкталган медиктерге дагы эле компенсация төлөп бере электигин кабарлаган. Медиктердин арасынан коронавирус жуктуруп алуу учурларын комиссия иликтемек болгон. Аталган комиссия кимге төлөп, кимге төлөнбөй турганын чечмек. Анткен менен медиктер коргоочу каражаттар жетишпей жатканын айтып, бир нече жолу арызданышкан.

2-май күнү коронавирустан биринчи медкызматкер каза тапты. Ал Бишкектин поликлиникасынын врачы Жүзүмкан Кокумбаева. Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, миллион сом компенсация төлөнүп берилээрин билдирген.

Бирок андан көп өтпөй эле, 4-майда, Саламаттык сактоо министрлиги компенсациянын өлчөмү эки эсе азайтылганын кабарлаган. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Азамат Жумакеев коронавирус жуктурган медиктерге 100 миңден кем эмес, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 500 миң сом төлөнөөрүн айткан.