Кыргызстанда COVID-19 жуктурган дагы бир бейтап каза тапты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 6-майдагы брифингде Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19дун оор формасынан аял киши каза болгонун маалымдады. Ал 67 жашта болгон.

Үсөнбаевдин айтымында, бейтапта эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Андан сырткары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун цирозунан жана эксудативдик плевриттен жабыркап жүргөн.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19 диагнозу менен каза тапкан бейтаптардын саны 12ге жетти — алардын бири дарыгер.

Ал эми 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 871ге жетти — алардын ичинен 614 бейтап айыкты.