Өлкөдө коронавирус жуктурган дагы 14 бейтап айыгып ооруканалардан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 6-майдагы брифингде өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 14 бейтап айыкканын кабарлады.

Бишкек шаарында — 5, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 5 бейтаптын кайталап алынган анализдери терс жыйынтык көрсөткөн.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 614кө жетти — бул ооруну жуктуруп алгандардын 70 пайызын түзөт. Ошондой эле COVID-19дан айыккандардын арасында 154 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 6-майга карата коронавирустун жалпы 871 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 245 адам жатат — алардын төртөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.