«Орусия менен түз авиа каттам жанданды делген маалымат — фейк» — кыргыз ТИМи

Кыргыз ТИМи соцтармактарда Орусия менен түз авиа каттам жанданды жана Казакстан менен транзиттик өтүү үчүн чек ара ачылды делип таратылып аткан маалыматка ишенбөөнү суранды.

Министрлик туура эмес маалыматты адамдарга Кыргызстанга кайтууга жана кыргыз дипмиссиясынын тизмесине киргизүүгө убада кылган «айрым адамдар менен уюмдар» берип атканын айтат. Кыргыз дипмиссиясынын тизмеси — бул мекенине кайткысы келген адамдардын тизмеси.

«Аталган [кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча] ишти Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана чет өлкөдөгү мекемелери жүргүзүп жатат», — деп маалымдады ТИМ.

Укук коргоо органдары «учурдан пайдаланып» кыргызстандыктарды адаштырып жаткандарга көңүл бурууну өтүндү.

«ТИМ жарандарды күмөндүү булактардан алынган маалыматтарга жана жарыяларга, ошондой эле авиабилеттерди сатып алуу маселелери боюнча ортомчул кызматтарды көрсөтүү жана Кыргызстандын кошуна мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзит менен өтүүнү уюштуруу тууралуу сунуштарга ишенбөөгө чакырат», — деп билдирет министрлик.

Кыргызстанга кайтуу жөнүндө расмий маалыматты кыргыз дипмиссияларынан же маморгандардан алса болот.

  • ТИМдин Консулдук кызмат департаменти — Бишкек ш, Тоголок Молдо к, 10, кызматтык телефон: +996 312 66 34 05 (кошумча номер. 108, 109, 119, 129), 66 08 11 (кошумча номер. 108, 109, 119, 129);
  • Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги — Москва ш, Большая Ордынка к, 64, тел: +7 499 238 33 04, +7 499 230 11 17; расмий маалымат алуу үчүн күндүр-түндүр иштеп аткан штабдын колл-центри: +7 499 237 43 01, +7 499 237 44 61, +7 925 387 41 27 (мобилдик, WhatsApp), +7 925 387 45 97 — (мобилдик, WhatsApp), +7 925 103 29 11 (мобилдик, WhatsApp);
  • Кыргызстандык Казакстандагы элчилиги — Нур-Султан, Дипломатиялык шаарча В-5, тел.: +7 7172 24 20 24, +7 7172 24 20 40, +7 7172 28 61 08.