Орусия: Псков облусунда дээрлик 40 кыргызстандыкта коронавирус аныкталды

Псков облусунун санитардык врачы Александр Нестерук 5-май күнү брифингде аймакта коронавирусу бар 40 адам бар экенин, алардын ичинен 38и Кыргызстандын жарандары болгонун кабарлады. Ошол эле брифингде башка аткаминер жуктурган кыргызстандыктардын саны 39 экенин билдирген. Алар ооруканага жаткырылып, дарыланып жатышат.

Кыргызстандыктар Псковдун Новосокольники шаарына Москвадан болжолдуу 22-апрелде келишкен — 41 адам, алар инфекциялык оорукананы курушмак. Бул тууралуу облустун губернатору Михаил Ведерников маалымдаган.

Алардын ичинен 16 адамда коронавирус аныкталып, ооруканага жаткырылган. Ошентип коронавирус жуктарган кыргызстандыктардын саны 5-майга карата эки эсе өскөн.

Новосокольники шаарынын депутаттары калган курулушчулар обсервацияга алынбай, жергиликтүү жатаканаларда калтырылып, алар шаардын тургундары менен байланышта болгону үчүн иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты.

«Эмне үчүн Москвадан, эпидемиянын очогунан ден соолуктары тууралуу паспорту жок бизге ушунча жумушчуну алып келдиңер? Аларды бардык райондордогу посттордун ар биринен текшериш керек болчу. Жумушчулар келгенге чейин бизде коронавирустун бир да учуру жок болчу», — деп айткан депутат Ирина Ершова.

Депутаттар Новосокольники шаарында коронавирустун жайылышын курулушчулардын келиши менен байланыштырышат.