Бишкектин казынасы бир жарым млрд сомдон ашуун каражаттан куржалак калышы мүмкүн

Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаевдин айтымында, учурда шаардын казынасына 900 млн сом түшпөй калган, бирок калаа мындан көп каражаттан куржалак калышы мүмкүн.

«Бишкекте үстүбүздөгү жылдын соңку төрт айында бюджетке түшпөй калган каражаттын өлчөмү 900 млн сомду, анын ичинде март айында 266,9 млн, ал эми апрель айында 398,4 млн сомду түздү. Бүгүнкү күндө, 2020-жылга карата казынага түшпөй калчу каражаттын суммасы, алдын ала эсептер боюнча, 1 млрд 791 млн 100 миң сомду түзөт», — деп келтирет Республикалык штаб Бакетаевдин айткандарын.

Салык кирешелеринин түшпөй калышына — өзгөчө абал режими жана карантин себеп, анткени бул маалда кичи жана орто бизнестин көпчүлүк бөлүгү, ошондой эле ыктыярдуу патенттерди төлөшкөн жеке ишкерлер иштей албай калышкан.

Бакетаев 154 784 адам убактылуу иштебей жатканын, ал эми муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн шаардын бийлиги 50 млн сом бөлүп бергенин билдирди.

Бул жылга карата Бишкектин бюджетине 10 млрд 98 млн сом түшөт деп пландалган, бирок чыгымдарды кыскартууга туура келет. Бюджеттин корголгон беренелери аткарылат — бул бюджеттин 50% көбү, бирок ар кандай иш-чараларга кетчү чыгымдар кыскартылат.

Бюджет тармагында иштегендердин маянасын берүүдө коркунучтар бар, бирок мэрия өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жардамын күтүүдө. Бюджет тармагында иштегендердин айлык акысы бир жумага кечеңдеши мүмкүндүгү кабарланууда.