Чаткалдын 13 тургуну коронавирусту Бишкектен тажыяга баргандардан жуктуруп алды — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус Жалал-Абад облусундагы алыскы Чаткал районуна чейин кантип жеткенин түшүндүрүп берди.

Аткаминер брифингде жуктургандардын арасында 13 адам бар экенин жана алардын баары тең тажыяда болушкан билдирди. Тажыяга COVID-19у бар болгон Бишкектен да адамдар барышкан.

«Райондогу бардык 13 жуктуруу учуру бири-бири менен байланыштуу. Учурда биз ал жакта, алар менен байланышта болгондорду издеп жатабыз. Аты-жөнү, даректери, аларды байкоого алып жатабыз», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жалпысынан коронавирус жуктуруунун 16 учуру катталган — алардын ичинен айыккандары тууралуу азырынча кабарлана элек.

4-майда Чаткал районунда жети адам инфекция жуктуруп алганы тууралуу белгилүү болуп, облустун бийлиги жарандардын бул районго кирүүсүнө тыюу салган.