COVID-19 жуктуруунун 51 учурунда инфекциянын булагы белгисиз — ССМ

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдиргендей, медиктер 51 адам коронавирусту кайдан жугузуп алганын аныктап жатышат. Алар кайда жана кандай жол менен инфекция жуктуруп алганы белгисиз.

«[Коронавирус жуктуруунун] 895 учурунун ичинен көбүнчө учурларда инфекциянын булактары аныкталган. Биз [51 адамдын] инфекция булагы боюнча жана анын берилген жолдору боюнча издөө иштерин улантып жатабыз», — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин айтымында, пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандар менен 4071 адам байланышта болгону аныкталды. 676 адам обсервацияда жатат.

7-майга карата Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруунун 895 учуру катталды. 246 адам стационарда жатат, алардын ичинен төртөө — жандандыруу бөлүмүндө. Оорудан 12 адам каза тапкан, ал эми 637 адам айыгып ооруканадан чыгарылган.