Freedom House Кыргызстанды кайрадан «жарым-жартылай эркин» өлкө деп тааныды

Эл аралык Freedom House укук коргоо уюму сөз эркиндиги, дүйнө жүзүндөгү бардык адамдардын саясий жана социалдык укуктары боюнча жаңы баяндама жарыялады.

Ал изилдөөгө ылайык, Кыргызстан «Дүйнөдөгү эркиндик — 2020» рейтингинде 100 баллдын ичинен 39 балл алган. Бул 2019-жылдагыга караганда бир көрсөткүчкө көбүрөөк, бирок Кыргызстан дагы деле «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кирет.

Кыргызстан саясий укуктардын деңгээли боюнча 40 баллдын ичинен 12 балл алса, жарандардын эркиндик деңгээли боюнча 60 баллдын ичинен 27 балл алган.

Өлкөнүн бул рейтингде абалы 2011-жылдан бери өзгөрбөй келе жатат, ал эми 2010-жылы Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдүн катарында болгон.

Өлкө канчалык көп балл алса, укук коргоочулар сөз эркиндиги менен башка эркиндиктердин деңгээлин ошончолук бийик баалашат. Изилдөөгө ылайык, жалыпысынан «эркин» өлкөлөрдүн катарына 86, «жарым-жартылай эркин» 59, андан тышкары, «эркин эмес» мамлекеттердин катарына 50 өлкө кирген.

Укук коргоочулардын отчётунда Кыргызстан бир гана рейтингде эмес, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жана куугунтуктоо контекстинде да эскерилет.

Укук коргоочулардын ою боюнча, Евразиянын жана Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүнүн авторитардык президенттери өз келечегине кам көрүп, Армения менен Кыргызстандын лидерлеринин тагдырына туш болбоого аракет кылышууда.

Уюмдун баяндамасында Армения жана Кыргызстандын президенттери парламентти күчтөндүрүү аркылуу президенттик мөөнөттөрүнө коюлган чектөөлөрдү айланып өтүүгө аракет кылышкан деп айтылат. Бирок үч жылдан кийин кийин лидердин экөөсү тең саясий көзөмөлдү сактоого жасаган аракеттери ийгиликсиз болуп калгандан кийин кылмыш куугунтугуна кабылышкан.

«Кыргызстанда Алмазбек Атамбаев шайланган мураскери, учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен атаандашуунун шартында өз партиясынын бирдиктүү лоялдыгын сактай алган жок. Атамбаев жада калса юридикалык иммунитетинен да кол жууп, андан соң бийлик менен өз тарапкерлеринин ортосундагы катаал тирештен кийин камакка алынды», — деп айтылат документте.