ТИЗО-1 кызматкеринин коронавируска тапшырган тести таза чыкты, ал обочодо — ЖАМК

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ТИЗО-1 кызматкеринин коронавируска тапшырган ПЧР тести терс жыйынтык көрсөткөнүн кабарлады. Ал COVID-19 жуктуруп алган болушу мүмкүн деген шек 4-майда текшерүү учурунда жаралган.

«Эртеси күнү 5-майда, кайра анализ тапшырууда ПЧРдин жыйынтыктары терс болуп чыкты. Байланышта болушу мүмкүн болгон адамдар менен керектүү иш-чаралар өткөрүлдү. ТИЗО-1дин бардык жеке курамында жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүндө анализдин жыйынтыктары терс», — деп түшүндүрүштү ЖАМКтан. Анткен менен бул кызматкер дарыгерлердин кароосунун алдына карантинге алынды.

ТИЗО-1де камакта мурда жогорку кызматтарды аркалаган аткаминерлер жана саясатчылар бар — мисалы, мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев. Акыркы убактарда бийлик ТИЗО ашыкча толуп калганын бир нече жолу кабарлап, андыктан бир кездерде таасирдүү болгон аткаминерлер колонияга которулганын билдирген, алардын ичинде Атамбаевдин үзөңгүлөшү жана экс-өкмөт башчысы Сапар Исаков да бар.

ЖАМК маалымдагандай, Бишкектеги №47 жатак абагындагы кызматкерлер да коронавируска текшерилет. Аталган абакка Исаков менен бирге Бишкек ЖЭБин жаңыртуу тууралуу иш боюнча өтүп жаткан мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев которулган эле.

Буга чейин укук коргоочулар камактагылардын ден соолуктары алсыз болгондуктан жабык мекемелерде коронавирус жуктуруу коркунучу жогору экенин кабарлашкан. Атүгүл алар ТИЗОдо камакта отургандар үчүн камакка алуудан тышкары башка жазага тартуу формаларын карап көрүү өтүнүчү менен бийликке да кайрылышкан. Ал эми ЖАМК изоляторлор менен колонияларда камактагылар менен жолугушууну чектеп, ал жактагы орун жайлар дезинфекцияланып атканын билдирген.