Республикалык штабтын маалыматына ылайык Кыргызстанда 9-майга карата коронавирустун жаңы 25 учуру катталды — өпкө илдетин жуктургандардын бешөөсү медициналык кызматкер.
Алардын он бири Нарын облусунда, Жалал-Абад жана Чүй облустарында төрттөн, үчөө Ош облусунда, экөө Бишкекте жана бирөө Баткен облусунда аныкталды.
Ушуну менен COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 931ге жетти. Коронавирус жуктурган 12 жаран каза болду, 658 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.
Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 264. Ош облусунда – 175, Ош шаарында – 113, Жалал-Абад облусунда – 139, Чүй облусунда – 85, Баткен облусунда – 19, Нарын облусунда – 126, Ысык-Көл облусунда – 10 учур. Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.
Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4 214 адамды түздү — алар медициналык көзөмөлгө алынган.
Стационарларда 261 адам калууда — алардын алтоосу ооруканалардын жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1 197 адам калууда. Бир сутка ичинде 1 462 изилдөө жүргүзүлдү.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.