Сүрөт. 9 майга карата митинг-реквием — президенттен башкаcы беткапчан

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков митинг-реквиемде Жеңиш аянтына гүл койду. Салатанаттуу кийинген аскерлерден баштап, экс-президент Роза Отунбаевага чейин баары беткапчан, бирок Жээнбеков адаттагыдай беткап такпады.

* Сооронбай Жээнбеков, реквием же парламенттик отурум болбосун, эч кайсы иш-чараларга беткап кийбейт. Буга чейин республикалык штаб менен комендатура беткапсыз жүргөн жарандарга айыппул салынышы мүмкүн деген пост жарыялаган. Социалдык тармактардын колдонуучулары президент беткап такпай жүргөнү үчүн ага айыппул салынышын сураганда, комендант беткапсыз жүргөндөргө айыппул каралбаганын айткан.

Улуу Ата мекендик Жеңиштин 75 жылдыгына арналган митинг-реквиемге Жээнбеков менен Отунбаевадан сырткары парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана Генералдык штабдын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев катышты.

Коронавирустун жайылышынан улам бийлик жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоо иш-чараларын өткөрүүгө тыюу салды. Бирок бүгүн кечки саат 10до Генштаб майрамдык салют уюштурат. Буга чейин президент согуш баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына катышып, майрамга карата амнистияга кол койду.