Бийлик «Сандалаш» коругунун бир бөлүгүн кен казуу иштерине бергиси келет

26-апрелде Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Сандалаш» коругунун аймагын аныктоо тууралуу өкмөттүн токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду коомдук талкууга чыгарды. Түзөтүүлөр коруктун аймагынын кыскарышын шарттайт.

Маалымкат-негиздемеде корук участогунун чек араларын тактоо «Жалал-Абад облусунун тоо-кен казуу тармагына инвестиция тартууга жана геологиялык чалгындоо иштерин өнүктүрүүгө» жардам берет деп айтылат.

Кеп 2006-жылы өкмөттүн токтому менен «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясына өткөрүлүп, «Сандалаш» коругуна караштуу болуп калган жер тилкеси тууралуу болууда. Өзгөртүүлөр бул аймакты өкмөттүн токтомунан чыгарат.

«Бул токтом Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Беш-Арал мамлекеттик коругундагы «Сандалаш» участогунун жерлерин геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, пайдалуу кен байлыктарды иштетүү жана кошумча курулмаларды Чаарат лицензиялык аянтына жайгаштыруу максаттарын камтыган», — деп айтылат маалымкат-негиздемеде.

Документте жазылгандай, бул участокту коруктун курамынан 2011-жылы эле чыгарыш керек болгон, бирок ага жаңылыштык менен өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймагынын жерлеринин макамы берилип калган. Мамагенттик документте өкмөттүн 2006 жана 2011-жылдардагы токтомдоруна таянат.

«Кетирилген техникалык катанын натыйжасында, Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын реестрине кирген Чаарат кенинин лицензиялык аянты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп калууда, бул өз учурунда, Кыргыз Республикасынын жер боюнча мыйзамдарына туура келбейт», — деп айтылат документте.