Бишкекте район аралык сот жоюлду. Аскаровдун иши каралбай калды

11-май күнү эртең менен укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча сот отуруму өтпөй калды. Судья Чолпон Досмамбетова билдиргендей, отурум өтө турган Бишкектин район аралык соту 8-майда эле жоюлган. Анын айтымында, бул тууралуу ал бүгүн жумушка чыкканда белгилүү болду.

«Биз иштебей калдык. Район аралык сот жоюлганын бүгүн эле билдик. Президенттин буйругу чыгыптыр. 8-майда Жарандык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары район аралык сот жок. Анын ордуна административдик соттор түзүлдү. Азырынча судьялар жумушка чыга элек. Биз район аралык соттун судьялары болчубуз. Ал жоюлуп кеткендиктен ишти карай албайбыз. Ал эми административдик соттун судьялары дайындала элек. Сотторду президент дайындашы керек», — деп келтирет «Азаттык» Досмамбетованын айткандарын.

Жогорку соттон райондор аралык соттун жоюлушу бүгүн эле белгилүү болуп калганын төгүндөштү.

Kaktus Media басылмасы Жогорку сотко таянып билдиргендей, район аралык соттордун базасында административдик соттордун түзүлүшү каралган мыйзам күчүнө кирди.

Процесске катышкан «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» укук коргоочулары «айран-таң калган» бойдон калышкан. Төлөкөн Исмаилованын айтымында, сот аларды иш каралбай турганы боюнча алдын ала кабардар кылбай койгон. Ошол эле маалда адвокаттар кыйынчылыктарга карабастан процесске катышуу үчүн Ош шаарынан атайын келишкен.

«Белгилей кетчү нерсе, мыйзамда каралган ишти кароонун мөөнөттөрү бузулуп, Аскаровдун соттук коргоого болгон конституциялык укугу басмырланды», — деп айтышты «Бир Дүйнө — Кыргызстандан».

Сотто өкмөттүн БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине карата аракеттерин жараксыз деп таануу тууралуу Аскаровдун административдик доосу кароодо жатат. 2016-жылы БУУнун Комитети кыргыз бийлигин Аскаровду актап, аны эркиндикке чыгарып, компенсация төлөп берүүгө чакырган.

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон. 15-жылдан бери өзүнүн «Аба» укук коргоо уюмун жетектеп келген.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.