Нарын облусунда 14 милиция кызматкеринде коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов 11-майдагы брифингде аймакта 14 милиционерде COVID-19 аныкталганын маалымдады.

«2-3 күн мурун милиция кызматкерлеринин арасында дагы илдет аныкталып, азыр 14 милиционер обсервацияда (ооруканада — редакция) дарыланып жатат. Милиция кызматкерлеринин арасында оору аныкталганына байланыштуу, Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамындагы бардык кызматкерлеринен анализ алынып текшерилип чыкты», — деди Алымкулов.

Алымкулов Нарын ОИИБинин кызматкерлери изоляцияга алынганын жана алардын ордуна облустун башка аймактарынан — ошондой эле Бишкек шаарынан — укук коргоо органдарынын кызматкерлери келгенин кошумчалады.

Мындан сырткары илдетти жуктуруп алгандардын арасында 31 медкызматкер бар — алардын ичинде 7 дарыгер, 17 медайым жана 7 кичи медайым.

Нарын облусунда коронавирустун жалпы 129 учуру катталган — алардын ичинен 91 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Райондор боюнча эң көп учур Ат-Башыда аныкталды — 77. Коронавируска Нарын шаарында — 35, Жумгалда — 14 жана Кочкордо үч адам чалдыккан.

Нарын облусунун обсервациясында 139 адам калууда, ал эми үй карантинине 455 адам чыгарылган — алардын баары медиктердин көзөмөлүндө. Оорулуулар менен кары-катнашта болгондордун саны 1 323 адамды түздү.