Бишкекте жүрүү үчүн уруксат кагазын онлайн түрдө алса болот — мэрия

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 12-майдан тарта шаарда жүрүү үчүн уруксат берүүнүн электрондук системасы иштеп баштаганын билдирди. Электрондук системанын дареги — 312.meria.kg.

«Система QR-код берет, мындай жол менен алынган уруксатты бастырып чыгартуу алуу керек. Ал компаниянын же жеке ишкердин катталган жери боюнча салык кызматында күбөлөндүрүлгөн маалымдамасыныкындай эле күчкө ээ», — деп айтып берген Бишкектин вице-мжри Алмаз Бакетаев «Кактус» басылмасына.

Мэриядан комендатура ишин аяктаганын, андыктан бардык өткөрмө барактары жокко чыкканын белгилешти.

Эми шаарда жүрүү үчүн жарандардын бардыгы жанында өздүгүн тактаган документтерди, жашаган жана иштеген жеринен маалымкат алып жүрүшү керектигин түшүндүрүп берди — бул жерде иштеген жерден алынган маалымкат салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн болушу зарыл.

Ал эми жеке ишкерлер шаарда патент менен жүрө алышат. Жеке ишкерлердин жалданып иштеген кызматкерлери үчүн да уруксат талап кылынбайт, эгер патентте алардын аты-жөнү көрсөтүлгөн болсо.

«Бул чаралар шаардыктардын кыймылынын көлөмүн түшүнүү үчүн керек. Салык кызматтарынын салыктардын төгүлгөнү жана башка милдеттенмелер тууралуу маалыматтарды талап кылууга укуктары жок», — деп белгилешти мэриядан.

Мындан тышкары, медиктер, маморгандардын, шаардык кызматтардын, укук кооргоо органдардын, атайын кызматтардын, энергетика кызматтардын, ӨКМдин, ЖМКнын кызматкерлери, адвокаттар жана нотариустар кызматтык күбөлүгү менен шаарда жүрө алышат.

Буга чейин вице-мэр салык кызматынын райондук бөлүмдөрүнүн ишин текшерип, Биринчи май жана Ленин райондорунун салык кызматтарынын ишине кубанган. Анын пикиринде, ал жакта жарандарды кабыл алуу кезексиз жана кымгуутсуз өтүүдө.

Ошол эле учурда Бакетаев Октябрь жана Свердлов райондорунун салык кызматтарында маалымдама жана патент берүү иши начар уюштурулганын, кезек көп болуп, санитардык аралык сакталбай жатканын билдирген. Ал кемчиликтерди кечиктирбестен жоюуну талап кылган.

Бишкектин салык органдары 11-майга карата иштеген жер боюнча 8 миңге чукул маалымдаманы күбөлөндүрүп, экономикалык ишмердүүлү жүргүзүү үчүн 561 патент беришкен.

ӨА режими иштеп жаткан маалда 3 836 чарба субъектиси иштеп жаткан. Аларда кызматкерлердин саны 83 миңден ашуун адамды түзөт.

Бишкеткин бийлиги коронавирустун пандемиясынан улам калаада жарандардын кыймылын ар кандай эрежелер менен чектөөдө. 12-майга карата өлкөдө коронавирус жуктуруу учурларынын саны 1037 адамга жетти.