Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйү бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү кош бойлууларды жана төрөй турган айымдарды кабыл алууну 25-майга чейин токтотту. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборун жабууга ал жакта сегиз адамда коронавирус аныкталгандыгы себеп болгон. Ал жакта үч медик жана беш бейтаптан COVID-19 аныкталган. Алардын бардыгы республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатышат.

Төрөт үйүнүн орун жайлары дезинфекциядан өткөрүлүп, учурда ал жакта 10-майга чейин кабыл алынган бейтаптар менен кызматкерлер гана бар.

«Бардык бейтаптардан жана кызматкерлерден COVID-19 илдетине ПЧР-диагностика алынды. Алар ал жакта 14 күн болушат», — деп билдирди «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Улуттук борборго караштуу төрөт үйүндө 111 бейтап бар, алардын ичинен 64ү аялдар жана 47си жаңы төрөлгөн ымыркайлар.

Ал эми 10-майдан кийин төрөт үйүнө кабыл алынышы керек болгон бейтаптардын бардыгын калаадагы башка төрөт үйлөрү кабыл алып жатат. Ал эми аймактардан келген кош бойлуу жана төрөй турган аялдар Бишкектин периноталдык борборуна жөнөтүлүүдө.

Улуттук борбордун Тоголок-Молдо көчөсүндөгү филиалы да алдын ала дезинфекциялангандан кийин жабылды — ал жакта жуктургандардын биринчилери аныкталган. Учурда ал жакта жуктургандар менен карым-катнашка барган 20 кызматкер, 13 бала жана жети ата-эне обсервацияда жатат.

12-майга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 1037 адамга жетти. Орточо эсеп менен бир сутка ичинде 20га чукул жаңы учур катталууда. Бирок, 10-майда өлкөдө жаңы 71 учур катталган, анткени Орусиянын Соль-Илецк шаарынан инфекциясы бар 55 кыргызстандык кайтып келген.