«Фрунзенин» сатуучусунда коронавирус аныкталды — ССМ

Сүрөт: gipermarket.kg

«Фрунзе» гипермаркетинин бир сатуучусунда COVID-19 аныкталды. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майда тастыктады.

Министрдин орун басарынын айтымында, ал өзү медиктерге кайрылган.

«Ал оорунун симптомдорун байкап калган. Анын тууганы Санэпидемстанцияда иштейт экен, ал ошол жакка кайрылыптыр. Ал жактан изилдөө жүргүзүп, вирус тастыкталып, аны дароо ооруканага жаткырышыптыр. Гипермаркеттин бардык кызматкерлери текшерилди, алардын бардыгы медициналык кароодо», — деп билдирди Үсөнбаев.

Үсөнбаев кайсы даректе жайгашкан «Фрунзенин» сатуучусу инфекция жуктуруп алганын айткан жок. Бирок, 11-майда гипермаркеттин «Вефа» соода борборунун ичиндеги филиалы «техникалык себептер» боюнча жабылганы белгилүү болгон.

12-майга карата өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 1037 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери ооруканадан 709 адам айыгып чыкты. Ошондой эле 12 адам каза тапкан.