Кыргызстанда COVID-19 дагы 21 адамдан аныкталды — жалпы 1037 учур

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 21 адамдан табылды — алардын алтоо медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-майда билдирди.

Бишкек шаарында 10, Нарын облусунда жети — алардын алтоосу төрөт үйүнүн кызматкери, Жалал-Абад облусунда үч жана Чүй облусунда бир учур катталды. Өпкө илдетини жуктуруп алагндардын үчөөсү чет өлкөдөн келген — Орусиядан экөө жана Дубайдан бирөө.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1037ге жетти — анын 241и медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 709 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми он эки бейтап илдеттен каза тапты.

Коронавирустун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 282. Ош облусунда илдетке чалдыккандардын саны 180 түздү, Ош шаарында 113 учур.

Ал эми Жалал-Абад облусунда 147, Нарын облусунда 136, Чүй облусунда 143 — алардын 56сы Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жарандар, Баткен облусунда 24, Ысык-Көл облусунда он эки учур катталган. Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру каттала элек.

Учурда ооруканаларда 316 адам калууда. Алардын жетөө оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1109 адам алынды.

Коронавирусту жуктуруп алгандар менен карым-катнашта болгондордун саны 4594 түздү — алардын баары медициналык көзөмөлгө алынган. Ошондой эле өткөн сутка ичинде 1621 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.