Президент чек ара чырында жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган аскер кызматкери. Сүрөт: http://prezident.kg/ 

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 12-майда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда ок тийип жарадар болгон үч чек арачынын абалынан кабар алды. Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Мирбек Султанбек уулу, Манас Абдисаит уулу жана Чыңгыз Турдубай уулу учурда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады. Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинен 11-майда билдиришкендей, жабыркагандардын биринин абалы «туруктуу оор» деп бааланып, ал реанимацияда жатат. Калган экөөнүн абалы «канааттандырарлык».

Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында эки мамлекеттин тургундарынын ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Жаңжал Баткен облусундагы Чек аймагында орун алган. Чыр чек арага чектеш жайгашкан 5000 чарчы метр такталбаган жер тилкеси талашка түшкөндүктөн чыккандыгы кабарланууда.

Баткен облустук бириккен ооруканасына төрт адам келип түшкөн. Алардын бири жөнөкөй жаран болгон. Ага алгачкы жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө коё берилген. Үч аскерге Баткенде операция жасалып, андан кийин 10-майда Бишкек шаарында борт менен алынып келинген.

Ал эми калган үч аскердин бирине кыр арканын көкүрөк тушуна жана курсак жана жамбаш сөөгүнө ок тийген. Дагы экөөнүн көкүрөк тушуна ок тийип жаракат алышкан.

Кыргызстандын чек ара кызматынан талашка түшкөн жерди иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып жүргөнүн билдиришти. Ал эми Тажикстандын бийлиги аталган жерди кыргыз тарап өзүм билемдик менен иштетип жатканын кабарлаган. Аталган жаңжалда эки тажик жараны жабыркаганы айтылды. Бирөөнө таш тийген, экинчиси мергенчи куралынан жарадар болгон.