ЖАМК Кой-Таш окуясы боюнча иштин фигуранттарын коронавирустун бар-жогуна текшерет

Атамбаевдин жансакчысы жана тогузунчу кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 7-8-августта орун алган Кой-Таш окуясы тууралуу иштин фигуранттарында COVID-19 бар-жогун текшеришээрин кабарлады. Анда бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн эки күн бою штурмга алышкан.

ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков «Клоопко» билдиргендей, текшерүү «пенитенциардык тутумдун мекемелеринде COVID-19 бар деп ойлоп жатышкандар үчүн [жүргүзүлөт], айрыкча Кой-Таш окуясы боюнча өтүп жаткандарда» текшерүү жүргүзүлөт.

«ЖАМКта коронавирус бар деп айтып жатышкандары — чындыкка дал келбейт. Адвокаттар менен укук коргоочулар биздин системаны ар түрдүү жол менен каралоого аракет кылып жатышат. Биз коронавирустун мекеменин аймагына кирип кетпешине кызыкдарбыз», — деди Калыков.

Дал ушул иштин фигуранттарын текшерүү боюнча чечимди Калыков ЖАМКта камактагылардын бардыгын текшерүү үчүн тесттердин жетишсиздиги менен түшүндүрдү.

Басма сөз катчынын айтымында, текшерүүдөн сегиз адам өтөт. Алардын арасында Атамбаевдин жансакчысы жана тогузунчу кызматтын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев бар. Башка адамдардын аттарын катчы тактап айткан жок.

Буга чейин адвокат Замир Жоошев фейсбук барагында Сагымбаев өзүндө коронавирустун симптомдору бар деп шектенип атканын кабарлаган.

«Сагымбаев сотко сасык тумонун симптомдорун сезип, бул коронавирус болушу мүмкүн деп кооптонуп атканын билдирген. Ал судьядан медициналык текшерүүдөн өтүүгө көмөктөшүүнү саранган, себеп дегенде ТИЗО-1дин медкызматы менен администрациясы анын даттанууларына эч кандай реакция кылбай жаткан», — деп жазган Жоошев.

Анткен менен Калыков Сагымбаевдин коронавируска шектенгенин төгүнгө чыгарууда.

«Соттон келгенден кийин Сагымбаев менен сүйлөшкөнбүз. Ал муну четке какты. Ал өзүндө короанавирус бар экенин айтканын четке кагууда. [...] Ал эми түзүк адам го, абийирдүү спецназчы, ал эч качан арызданмак эмес. Болгону 3-4 күн мурда бир аз ооругансып атканын айткан, бирок, менимче бул табигый эле нерсе. Мен өзүм да ТИЗОдо иштегем. Ал жакта бир камерада 7-8 киши кармалат. Албетте, ар бирине кыйын», — деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Ошондой эле басма сөз катчы Сагымбаев адвокатына өзүн начар сезип аткандыгы тууралуу кабарлагандан кийин текшерилгенин кошумчалады.

«Бизде Сагымбаевдин өзүнүн түшүндүрмөсү менен маалымкаты бар, ал жакта бардыгын четке каккан», — деп ишендирет Калыков.

7-8 августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча териштирүү жабык тартипте өтүүдө. Бул иш боюнча 14 адам өтүп жатат, алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова бар.

Алар бийликти күч менен басып алууга кол салуу, адамдарды барымтага алуу, массалык башаламандыктар, адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу, мыйзамсыз курал жүгүртүү, ок атуучу куралдарды уурдоо же опузалап алуу жана башка кылмыштар боюнча айыпталууда.