Видео: Москвадагы кыргызстандыктар элчиликтин алдында топтолду

Соцтармактарда Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигинин алдында 12-май күнү ондогон кыргыз жарандары топтолгон тасмасы жарыяланды. Тасманы жүктөгөн Мелис Касымов кыргызстандыктар элчиликтен аларды 17-майда мекенине алып кетүүнү талап кылышууда деп түшүндүргөн.

Тасмада кыргызстандыктардан сырткары элчиликтин алдында Москванын полиция кызматкерлери да жүргөнүнүн көрүүгө болот. Алар мигранттарды коронавирусту жайылтпоо максатында социалдык дистанцияны сактоого чакырышкан. Ал эми кээ бир кыргызстандыктарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап белгисиз тарапка алып кетишкен.

«Полиция кырдаалды көзөмөлгө алууну аракет кылып жатат. Элчиликке кире бериштин алдында тыгын пайда болгондо, алар чогулган элди сүрүп чыкты», — деп комментарий берген тасманын автору.

Орусия өзүнүн Кыргызстанда калып кеткен жарандарын учак менен 17-майда алып кетмекчи. Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» кыргыз тарап ошол каттам менен Москвадагы жарандарын алып кетиш үчүн 400 орундуу учак сурап жатканын билдирген.

Элчи майда кетүүчү кыргызстандыктардын тизмесин Орусиядагы кыргыз диаспорасы жана атайын штабдын мүчөлөрүнөн турган комиссия чечерин айткан

«Орусияда элчиликке жүрөгү, бөйрөгү, ашказаны ооругандар, операцияга келгендер, өсмө оорусу барлар көп кайрылган экен. Булар тизмеге киришин комиссия карайт. Экинчи кош бойлуу аялдар, кичинекей балдары бар аялдар кирет. Ушулар менен эле толуп калат го деп ойлоп жатабыз», — деген Жекшенкулов.

Буга чейин Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанга чет өлкөдөн 1000 кыргызстандык кайтарылаарын айткан — алардын ичинен Москва шаарынан 402 жаранды алып кетүү пландалып жатат.

Бүгүнкү күндө Орусия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунга чыкты — өлкөдө жалпы 232 243 учур катталды. Илдетти жуктуруп алгандардын 2116сы каза тапты, 43 512 бейтап оорудан айыкты. Расмий маалыматка ылайык Орусияда 728 миңдей кыргызстандык бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Пандемия убагында кыргыз мигранттары жардам сурап кайда кайрыла алаарын түшүндүрөбүз