ЖАМК Атамбаевдин тарапкерлерин коронавируска текшерди. Жыйынтыгы — терс

ТИЗО-1 камакта болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринен коронавируска карата ПЧР анализ алынды. Тесттин бардык жыйынтыктары терс болуп чыккан. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамкызматы билдирди.

Анализдер мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдон, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаевден, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдон, Атамбаевдин жансакчсы Канат Сагымбаевден, андан тышкары, Фархат Баабиевден, Канат Осмоналиевден жана Карыпбек уулу Рыспектен алынган.

Аталгандардын бардыгы, Сапар Исаковдон тышкары, 7-8-агустта орун алган Кой-Таш окуясы боюнча иштин фигуранттары. Анда бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн эки күн бою штурмга алышкан.

«Эске сала кетсек, КСДПнын айрым мүчөлөрү жана башка тарапташтары Сапар Исаков, Канат Сагымбаев жана башка адамдар коронавируска кабылган деп билдиришип, ЖАМК жабык жайларда кармалган адамдар инфекция жуктурганын жашырган деп билдиришкен», — деп кабарлашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Буга чейин ЖАМКтын басма сөз катчысы Самат Калыков «Клоопко» текшерүү «пенитенциардык тутумдун мекемелеринде COVID-19 бар деп ойлоп жатышкандар үчүн [жүргүзүлөт], айрыкча Кой-Таш окуясы боюнча өтүп жаткандарда» текшерүү жүргүзүлөт деп билдирген.

«ЖАМКта коронавирус бар деп айтып жатышкандары — чындыкка дал келбейт. Адвокаттар менен укук коргоочулар биздин системаны ар түрдүү жол менен каралоого аракет кылып жатышат. Биз коронавирустун мекеменин аймагына кирип кетпешине кызыкдарбыз», — деп айткан басма сөз катчы.

Дал ушул иштин фигуранттарын текшерүү боюнча чечимди Калыков ЖАМКта камактагылардын бардыгын текшерүү үчүн тесттердин жетишсиздиги менен түшүндүргөн.

7-8 августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча териштирүү жабык тартипте өтүүдө. Бул иш боюнча 14 адам өтүп жатат, алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова бар.

Алар бийликти күч менен басып алууга кол салуу, адамдарды барымтага алуу, массалык башаламандыктар, адам өлтүрүү, адам өмүрүнө кол салуу, мыйзамсыз курал жүгүртүү, ок атуучу куралдарды уурдоо же опузалап алуу жана башка кылмыштар боюнча айыпталууда.