«Идеал хаусту» сатуу иши: Сот ММБФнын экс-башчысы менен БТА банктын башкарма төрагасын күнөөсүз деп тапты

Бишкектен Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун (ММБФ) мурдагы башчысы Болсунбек Казаков менен «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловго карата өкүм чыгарды.

Алар ММБФнын мүлкүн сатуу иши боюнча айыпталышкан — «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасында 48 коттеж арзан баада сатылып кеткен.

Болсунбек Казаков «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча күнөөсүз деп табылды. Ошол эле учурда ал «Шалаакылык» беренеси боюнча айыпталып, 240 миң сом айыпка жыгылды.

Темир Рыскулов «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» жана «Коррупция» беренелери боюнча күнөөсүз деп табылып, анын иш-аракетинде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу акталды. Андан үй камагы бөгөт чарасы алынды.

Бул иш боюнча шектүүлөрдүн башкалары да ушул эле беренелер боюнча акталып, бирок шалаакылык, документтерди жасалмалоо жана коммерциялык же башка уюмдардагы ыйгарым укуктарынан аша чабуу боюнча күнөөлүү деп табылышты. Алардын ичинен айрымдарына 240 жана 180 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу дайындалган.

ММБФнын экс башчысы Болсунбек Казаков 2018-жылдын апрелинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал элиталык шаарчанын аймагындагы 48 коттеджди арзан баада сатуу боюнча шектелген. Казаков өзү коттедждердин баасы сатып алуучулар жок болгондуктан улам арзандатылганын айткан.

«Комплекстин баасы айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма жол менен төмөндөтүлгөн эмес. Объекттер мыйзамдуулук жана башка шарттарды эске алуу менен эң эле жогору бааны сунуштаганга сатылды», — деп билдирген Казаков.

«Идеал хаустун» сатылышы боюнча иликтөө

«Идеал хаус» коттеж комплекси Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан. Аны 2008-жылы кура башташкан. Башында комплекс кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар үчүн курулган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин коттеж шаарчаны улутташтырышып, андан соң сатыкка чыгарышкан.

Журналист Элнура Алканова 2017-жылы күзүндө мамлекетке таандык болгон «Идеал хаус» хан сарайлар шаарчасындагы 48 коттеж сатылып кеткени тууралуу иликтөө жарыялаган. Алканова материалында аталган коттеждердин сатылып кетишине мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тиешеси бар деп айткан.

Ал сатып алуучу «БТА Банктын» директорлор кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Темир Рыскулов болгон деп ырастаган. Журналист Рыскуловду премьер-министр Сапар Исаков менен байланыштырган. Иликтөөгө ылайык, Исаков менен Рыскулов чогуу окушкан.

Ал эми өкмөт өз кезегинде журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Ошондой эле, башкы прокуратура да премьер-министрдин «Идеал Хаустун» сатып алуу жана сатыкка чыгаруу ишине байланыштыгын четке каккан — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес.

Бирок башкы прокуратура жагдайды териштирүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Финансы полициясы 2017-жылдын декабрында журналистке карата кылмыш ишин козгогон, тергөөчүлөр Алканованы банктын жашыруун сырды таркатууга («БТА Банк» — ред.) шектешкен.

Март айында Башкы прокуратура Алкановага карата ишти кошумча төргөө үчүн Финполго кайтарган.

Алканова менен «Фергана» басылмасы иликтөөдө Сапар Исаковдун бул ишке түздөн-түз тиешеси болгону жөнүндө ырастоолор жок деп билидиришип, жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өкмөт «Ферганадан» Исаковдун хан сарайлар менен байланышын төгүндөөнү талап кылды

Прокуратура Исаковдун хан сарайлар шаарчасынын сатылышы менен байланышын жокко чыгарды