Кыргызстанга Катар менен Кувейттен 107 адам кайтарылды

Бортунда 107 кыргызстандык менен 31 казакстандык бар болгон учак Бишкектеги аэропортко конду. Кыргызстандыктар обсервацияга алынып, ал эми казакстандыктарды атайын транспорт менен казак тарап тосуп алып, мекенине алып кетти.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Мурдараак, 10-майда Кыргызстанга БАЭден 177 кыргызстандык учуп келген, ал эми 17-майда 400гө жакын кыргыз мигранттары Орусиядан кайтып келиши керек.

Чет өлкөдөгү мекендештер чек аралар жабык болуп атканыа байланыштуу колунда учак билети турса да мекенине кайта албай жатышкан. Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими иштеп жаткан маалда кыргыз ТИМи сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен Кытай, Египет, Орусия, Вьетнам, Араб Эмираттары, Тайланд жана башка өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарды мекенине алып келген. Кээде бул кайтып жаткан кыргызстандыктардын эсебинен төлөнгөн чартерлер аркылуу ишке ашырылган, кээде Кыргызстандын жарандарын казак бийлиги чыгарып кетип, андан соң аларды Казакстандан кыргыз дипломаттары үйгө алып кетип турган.