Баткенде жаш өспүрүмдөргө курал кезеп коркуткан тургун жана анын атасы кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районун Көк-Талаа айылынын 27 жаштагы тургуну жана анын атасы кармалды. Облустук милициядан ал 10-майда төрт жаш өспүрүмгө курал кезеп коркутуп, буттарына эки жолу ок чыгарганын билдиришти. Ал эми атасы куралды уруксатсыз сактаганы аныкталган.

«Жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян тийген эмес. Балдарды пикир келишпестиктен улам коркуткан. Дагы башка жагдайлар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова.

Аталган окуя боюнча «Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кадамжай райондук сотунун санкциясы менен кармалган тургундун үйүнө тинтүү жүргүзгөн убакта анын атасы урусат кагаздары жок ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырган.

Мындан сырткары араб алфавитинде жазылган китептер жана дептерлер, ошондой эле коргошундан жасалган муздак курал катары эсептелген колго кийилүүчү кастет алынган.

Бул факты Кылымыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары башталды. Тинтүү учурунда алынган куралдарга жана табылган китептерге экспертиза дайындалды. Ал эми ата-бала убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматында, тинтүү учурунда жаш өспүрүмдөрдү курал менен коркуткан тургундун апасы милиционерлерди уят сөздөр менен тилдеп, таягы менен бир нече жолу урган. Ага карата «Бийлик өкүлүн өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.