Ошко Орусияда коронавирустан каза болгон кыргызстандыктын сөөгү алынып келинди

Иллюстративдик сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районуна 14-майда Орусияда коронавирус жуктуруп, каза болгон кыргызстандыктын сөөгү жеткирилди.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, бул акыркы 10 күндүн ичинде облус аймагына Орусиядан алынып келинген үчүнчү маркум. Сөөгү мекенинде жерге берилгендердин үчөө тең COVID-19 жуктуруп алгандан кийин көз жумган.

«Алардын баары атайын коргоочу каражаттар менен оролуп, жакын туугандарынын коштоосунда алып келинди. Чек арадан санитардык-эпидемиологиялык кызматтын өкүлдөрү тосуп алып, сөөктөр дароо эле мүрзөгө коюлган. Туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маркумдардын сөөгү үйлөрүнө алып барылган эмес», — деди Аширбаев.

Ал маркумдарды коштоп келген туугандары жана унаанын айдоочулары обсервацияга алынганын кошумчалады.

Орусияда 15-майга карата коронавирус жуктургандардын саны 252 245ке жетти — алардын 53 530у айыгып, 2305 бейтап каза тапты. Өлкө коронавирус эң көп катталганы боюнча экинчи орунда турат.

Ал эми Кыргызстанда 15-майга карата илдетке чалдыккандардын саны 1111ди түздү — алардын 745и айыгып, он төртү каза болду.