Таластын тургундары да коронавируска текшерилип жатышат — ССМ

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Журналисттер саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевден 15-майдагы брифингде эмне үчүн Талас облусунда коронавирус каттала электигин сурашты. Үсөнбаевдин айтымында, өлкөдө Covid-19 катталгандан бери аталган облус тургундарынан да коронавируска анализ алынып, Бишкекте изилденип турган.

«Бирок бүгүнкү күнгө транспартировканын логистика маселеси Таласта вирусологиялык лаборатория ишке киргизилгендиги менен чечилди. Ошондой эле бардык зарыл болгон изилдөөлөрдүн көлөмү учурда жүргүзүлүп жатат», — деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары ушул күнгө чейин Талас облусунда ПЦР ыкмасы аркылуу 3139, экспресс-тест боюнча 14 224 анализ жасалганын белгиледи.

15-майга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 29 учуру катталды, жалпы — 1111. COVID-19 эң көп Бишкек шаарында катталды — 302. Бүгүнкү күндө борбор илдетти жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат. Ош облусунда — 182, Ош шаарында — 118, Жалал-Абад облусунда — 153, Нарын облусунда — 163, Чүй облусунда — 156, Баткен облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда 13 адам илдетке чалдыкты. Ал эми Талас облусунда коронавирус катталган жок.

Коронавирусту жуктурган жалпы 14 адам көз жумуп, 745 бейтап айыкты. 15-майга карата ооруканаларда 353 адам жатат — алардын үчөө оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.