Жатаканада чыккан өрттөн кыргызстандыктар жабыркаган жок — Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, алар ЖМКлардан Москванын чет жакасындагы мигранттар жашаган жатаканада өрт чыкканын билгенден кийин маалыматты текшерип, кыргызстандыктар жабыркабаганына ынанышкан.

Өрт 15-майда Москванын чет жакасындагы Апаринки кыштагында кампа комплексинде чыккан. Орусиялык ЖМКлар кампа күйүп жатканын кабарлашкан, бирок кыргыз тилдүү күбөлөр өрт чыккан жерди видеого тартып, мигранттардын жатаканасы өрттөнүп жатканын билдиришкен.

«Орусиядагы кыргыз жарандарынын абалынын маселеси элчиликтин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө турат», — деп билдиришти дипломаттар. Бирок алар эмгек мигранттарынын өрттөнүп кеткен документтери тууралуу комментарий беришкен жок жана аларды калыбына келтирүүгө жардам берилер-берилбеси боюнча да айтышкан жок.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвада кыргыз мигранттар жашаган жатаканада өрт чыкты