Москвада кыргыз мигранттар жашаган жатаканада өрт чыкты

Социалдык тармактарда 15-май күнү Орусияда мигранттар жашаган жатакана өрттөнүп жатканы тартылган тасма жарыяланды. Жергиликтүү ЖМКлар өрт Москва облусунун Ленин аймагында болгонун кабарлашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. Бирок бул тууралуу так маалымат алууга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жеткиликсиз болду.

Өрттөнүп кеткен 400 чарчы метрдик имарат кампа болгон деп айтылууда, бирок тасманы тарткан кыргызстандык анда Орто Азиядан барган мигранттар жашап жүргөнүн кабарлаган.

«Документтер бүт [күйүп] кетти. Документтерин алып чыгууга кыргыз, тажик, өзбек, жада калса орустар да жетишпей калышты», — деп айткан тасманын автору.

Тасмадан өрт өчүрүүчү кызматкерлер эки кабаттуу имараттын чатырын жана анын жанында турган оор жүк ташуучу унааны өрттөн өчүрүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот.

Ушундай эле окуя Москвада 5-апрелде болгон — Орто Азиядан барган мигранттар жашаган чатырларда өрт чыккан. Мигранттар коронавирус жуктуруп алган бейтаптар үчүн инфекциялык оорукананын курулушунда иштешкен.

Кырсыктан улам Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каарман айылынын 39 жаштагы тургуну Нургазы Баймурзаев каза тапкан. Ал менен чогуу иштегендердин айтымында, өрт чыкканда маркум документтерин алуу үчүн чатырга кирген бойдон чыгууга үлгүрбөй калган.