Чодуев: Казакстан чек арадан өтүүдө жаралган кезек боюнча түшүндүрмө бере элек

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «Азаттык»

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралганы боюнча маселе парламенттин агрардык саясат комитетинин жыйынында талкууланды. Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевдин айтымында, Казакстан чек арадан өтүүдө эмнеге чектөө киргизгенин так түшүндүрүп бере элек.

«Сиз айткандай кезек күткөн фуралардын турганына бир күндөн ашты. Казак тарап эмнеге андай болгонун айтпай жатат. Ошол жерде биздин фитосанитардык кызматтын кызматкерлери бар, эгер өзгөрүү болсо алар бизге саат сайын айтып турат», — деди министр.

Комитеттин башчысы, депутат Нурбек Алимов кырдаалга тез арада чара көрүп, казак тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн өкмөткө тапшырма берүү керектигин сунуштады.

«Премьердин деңгээлинде агрардык комитеттин атынан тапшырма берели. Айыл чарба министрлиги бул жерде алсыз болуп калат. Өкмөттүн деңгээлинде чечилсин», — деди Алимов.

Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын арасында тез бузулуучу азык-түлүк ташыган фуралар да бар экенин эскертти.

«Мен айдоочулар менен жолуктум, пияз, кулпунай кандай болот деп кайрылышты. Азыр Чүйдө түшүм жыйноо башталды. Дыйкандарды колдоо максатында ушундай иштерди эрте колго алып чечсеңиздер, кечээ 2 чакырымдай тизилген фуралар чек арада турду», — деди депутат.

Чодуев учурда министрлик Кыргызстандын чек ара кызматы менен жашылча, жер-жемишти алып өтүү үчүн жашыл коридор түзүү боюнча иш жүргүзүп жатышканын белгиледи.

16-майда «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрүү бекетинде 150дөй жүк ташуучу унаадан турган кезек жаралган. Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан транспорттун кыймылына коронавируска текшерүү процедурасы таасир этип жатканын билдирген. Мекемеден кабарлашкандай, таажы вирусунун бар-жогуна Казакстанга кетип жаткандар да, Кыргызстанга кирип жаткандар да текшерилүүдө.