ССМ Соль-Илецктен келгендердин дээрлик бардыгын үй карантинине чыгарды

Материал 17:45те жаңыртылды.

Кыргызстанга кайтып келгендер үчүн обсервация уюштурулган мурдагы «Ганси» авиабазасында нааразычылыктар жаралды. Ал жакта Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген кыргызстандыктар обсервациядан чыгарууну талап кылышты.

Күбөлөрдүн тарткан видеосунан мурдагы «Ганси» авиабазасынын аймагында 40ка жакын адам чогулганын көрүүгө болот.

Видеонун авторлорунун бири тартып жатып кошумча милиция отрядын жөнөтүүнү суранып, обсервацияда болуу коркунучтуу болуп баратканын кошумчалаган.

«Сейчас.кг» Телеграм каналында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү нааразы жарандарды угуу үчүн обсервацияга келгени тууралуу видео жарыяланды. Кыргызстандыктар обсервацияда кармоонун шарттарына нааразычылыктарын билдиришип, милдеттүү болгон 14 күндүк карантинди үйдө өтүүгө даяр экенин айтышты. Ошондой эле алар Соль-Илецктен мекенине кайтуу үчүн өз эсебинен акча чыгарышканын кошумчалашты.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов брифингде билдиргендей, Соль-Илецктен келгендер Бишкекке дарылануу үчүн жөнөтүлгөндөр үйгө чыгарылыптыр деп нааразы болушкан.

«Ал жакта, инфекциялык ооруканада жаткан адамдарды үй карантинине коё берип жатышат деген такталбаган маалымат [тарап кеткен]. [Мурдагы “Ганси” базасында жайгашкандар] аларды үй карантинине жиберип, бизди обсервацияда кармап жатат деп нааразычылыгын билдире башташкан», — деди Каниметов.

Ал бул факт боюнча ИИМ менен Саламаттык сактоо министрлиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканын, ал эми обсервация эрежелерин бузгандар жоопкерчиликке тартылаарын кошумчалады.

«Обсервацияга алынган жарандар Саламаттык сактоо министрлиги менен ИИМдин талаптарына баш ийишпесе, же бузушса жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирди министрдин орун басары.

Республикалык штабдан кырдаалга байланыштуу Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын көбүн жашаган жери боюнча үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынганын билдиришти.

Мурдараак, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Соль-Илецктен келген 100 адамда COVID-19 аныкталганын брифингде билдирген. Аталган шаардан 500дөн ашуун адам автобус менен кайтып келип, дароо эле алардын 55инен коронавирус аныкталган.

Саламакттык сактоо министрлиги маалымдагандай, алар көп убакытка туюк мейкиндикте — автобуста болгондуктан, инфекция жуктуруп алышкан. Ошол убакта бийлик Соль-Илецктен келген кыргызстандыктарга кошумча ПЧР-тест жүргүзүп туруу чечимин кабыл алышкан.

Соль-Илецк — Казакстан менен чектеш жайгашкан Орусиянын Оренбург облусундагы шаар. Кыргызстанга өтүү үчүн Казакстан транспорттук коридор ачат деген маалымат пайда болгондон кийин аталган шаарга Орусиядагы кыргызстандыктар келе башташкан. Кыргызстандын бийлиги бул шаардан 500дөн ашуун адамды чыгарып кеткен, бирок ал жакта дагы ушунча адам калган. Учурда алар шаардын бийлиги куруп берген чатыр шаарчасында баш калкалоодо.

18-майга карата, өлкөдө COVID-19га чалдыккан адамдардын саны 1216га жетти. Ошол эле маалда 827 киши айыгып, үйүнө чыкты. Ал эми 14 адам оорудан каза тапты.