Кыргызстанда COVID-19дан айыккандардын саны 898ге жетти — дагы 71 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. 

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майда өткөн сутка ичинде коронавирустан дагы 71 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 7 медкызматкер бар.

Айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 55. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда 11, Баткен облусунда үч жана Нарын облусунда эки бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандын жалпы саны 1243 адамды түздү. Алардын ичинен он төртү каза болду, 898 бейтап айыкты — бул оорулуулардын дээрлик 72 пайызын түзөт. Ошондой эле COVID-19ду жуктуруп алган 257 медкызматкердин 219у айыгып, ишин улантып жатат.

Учурда ооруканаларда 331 адам дарыланып жатат — алардын он экиси оор абалда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.