Кытай коронавирустан жабыркаган өлкөлөргө 2 млрд доллар бөлөт

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин коронавирустан жабыр тарткан, өзгөчө жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө эки жылдын ичинде эки млрд доллар берүүнү убада кылды.

«COVID-19га каршы эл аралык кызматташтыкты стимулдаштыруу максатында Кытай кийинки эки жылда коронавируска каршы күрөшүү жана жабыркаган өлкөлөргө социалдык-экономикалык өнүгүүгө жардамдашуу үчүн, өзгөчө жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөргө 2 млрд доллар бөлөт», — деди Си Цзиньпин.

КЭРдин төрагасы бул тууралуу 18-май күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын онлайн тартипте өткөн 73-сессиясынын ачылышында билдирди.

Ошондой эле Кытайда БУУ менен кызматташтыкта жашыл бажы коридору аркылуу чыгарылып турган эпидемияларга каршы каражаттары үчүн борбор жана глобалдык кампа ачылат.

Си Цзиньпин биринчи болуп Кытайда жайылган вируска каршы вакцина даяр болоору менен ал «глобалдык коомдук жардам» катары жайылтылаарын кошумчалады.

ДССУнун жогорку органы болуп эсептелген Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясы бул жылы коронавируска байланыштуу 18-19-майда онлайн тартипте өттү.