Ошто Орусиядан маркумду коштоп келген эки адамдан коронавирус аныкталды, 77 адам обсервацияга алынды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда тажыяга катышкан тургундар жана алар менен карым-катнашта болгон 77 адам обсервацияга алынды. Бул тууралуу «Клоопко» Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова маалымдады.

Анын айтымында, 17-майдан 18-майга караган түнү Орусиядан жүрөк ооруусунан улам каза болгон кыргызстандыктын сөөгү райондун Кара-Кочкор айылына алып келинип, ал дароо эле жерге берилген. Эртеси күнү маркумдун үйүнө жакын туугандары келип куран окутуп кетишкен. Ал эми маркумду коштоп келген 2 жарандан биринчи алынган тестте коронавирус тастыкталган.

«Байланышта болгон жарандар Кара-Кулжа райондук ооруканасына, жергиликтүү кесиптик окуу жайдын жатаканасына жана санаторияга жайгаштырылып, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын баарынан экспресс-тест алынды. Маркумдун жакындары да кайрадан анализ тапшырышкан. Учурда жыйынтыктарын күтүүдөбүз», — деди ал.

Кадырбекова обсервацияга алынган 77 жарандын баары тажыяга баргандар эмес экенин, алар 1-2 жана 3-жактагы байланышта болгон адамдар экенин белгиледи.

Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул маалыматты тастыктап, бирок маркумдун жакындары тарабынан эч кандай эреже бузуу болбогонун айтты.

«Биз өзгөчө абал учурунда бир да киши келбесин деп жатканбыз. Азыр өзгөчө кырдаал режими калгандыктан эң жакын туугандары гана барса болот. Бир туугандарын токтото албайт экенбиз. Бирок башка туугандарына тыюу салынат. Бул маркумдун үйүнө жыйырмадай киши келген — бул негизи нормалдуу эле. Себеби көп бир туугандар да бар. Эгер ооруну билип туруп, келип анан таратканда жоопко тартылмак. Анын үстүнө кайталап алынган анализдери да азырынча чыга элек», — деди Аширбаев.

Аширбаев, учурда көзөмөлдү атайын түзүлгөн жергиликтүү штаб жүргүзүп жатканын, эгер аларга баш ийишпесе анда милиция өз көзөмөлүнө алаарын кошумчалады.