Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1350гө жетти — жаңы 37 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда 22-майга карата коронавирустун жаңы 37 учуру катталганын маалымдады — алардын үчөөсү медкызматкер.

Нарын облусунда COVID-19дун жаңы 21 учуру катталды — алардын арасында 1 медкызматкер да бар. Бишкек шаарында алты учур — алардын үчөөсү Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан келген жаран, экөө медкызматкер. Ош облусунда COVID-19дун алты учуру катталды. Ошондой эле Соль-Илецк шаарынан келген бир кыргызстандыктан коронавирус аныкталды — ал Чүй облусундагы обсервацияда болгон.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1350гө жетти — анын 273ү медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 949 адам айыгып, он төрт бейтап каза болду.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылып, бүгүнкү күндө борбор илдетти жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат — 366, алардын ичинде Санкт-Петербургдан келген 18 кыргызстандык да бар. Ош облусунда — 203, Ош шаарында — 132, Жалал-Абад облусунда — 155, Нарын облусунда — 242, Чүй облусунда — 205, алардын 105и Соль-Илецктен келген жарандар, Баткен облусунда — 28, Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Учурда ооруканаларда 387 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 11 бейтап оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2 150 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 6 600дү түздү. Бүгүнкү күнгө чейин 93 802 адамдан анализ алынган — алардын 93 295сынын жыйынтыгы чыкты. Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 2207.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.