Өлкөдө коронавирус жуктургандардын 70 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-майга карата Кыргызстанда коронавирустан дагы 8 бейтап айыкканын билдиришти. Алардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Төрт адам Бишкек, эки киши Нарын, бирден бейтап Ош жана Жалал-Абад облустарында үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен жалпы коронавирустан айыккандардын саны 957 адамга жетти. Бул ооруга чалдыккандардын 70 пайызын түзөт. Ооруканаларда 394 адам дарыланууда — төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус жуктурган 14 киши каза болгон.

Өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 273 учур катталды, алардын ичинен 226 медкызматкер айыгып чыккан.