Санитардык талапты сактабаган дээрлик 700 ишканага млн сомго чукул айып салынды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери Кыргызстанда 1-майдан тарта ишин жанданткан дээрлик жети миң объектти текшерди. Текшерүү ишинин жыйынтыгында дээрлик 700дөй объектте санитардык нормалар сакталбай жатканы аныкталган.

Республикалык штабдан маалымдашкандай, текшерүү иштеринин көбү Ош облусуна туура келген. Ал жакта мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкерлери дээрлик 3000 объектти текшеришкен. Борбор калаада дээрлик 800 объект текшерилген.

«680 объектинин ээсине коопсуздук чараларын бузушканы үчүн жалпы суммасы 977 миң сомду түзгөн айып салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлдү», — деп билдиришти штабдан.

Иштеп баштаган тармактардын бардыгы үчүн башкы талап — бул бардык санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо.

Бийлик кызматкерлер менен объектке келип-кетүүчүлөр беткап-колкап режимин сактоосун, орунжайларды дезинфекциялап турууну, санитайзерлер менен антисептиктерди орнотууну, ошондой эле адамдардын ортосундагы аралыктын сакталышын текшерип турууну талап кылууда.

Бийлик 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн айрым тармактарынын ишин жандандантууга уруксат берген. Биринчилерден болуп өнөр-жайчылар, курулушчулар, такси кызматтары жана чачтарачтар жумушун баштаган.

Коомдук транспорт 25-майдан баштап иштей баштады. Шаарда соода борборлору жана 50 орундукка чакталган кафелер ачылды.

Бийлик кафе ээлеринен санитардык нормалардын сакталышын, мындан тышкары, кафеге келип-кеткен ар бир адамдын келүү убактысы менен бирге башка маалыматтарын бир ай бою жазып турууну жана сактоону талап кылууда.

Алар муну эгер келүүчүлөрдүн биринде коронавирус аныктала турган болсо, администрация бул тууралуу бийликке маалымат берип, өз кезегинде бул жуктурган адам менен байланышта болгондорду аныктоо үчүн керектиги менен түшүндүрүшкөн.

25-майга карата, жалпысынан өлкө боюнча коронавирус жуктуруунун 1433 учуру катталган. 992 бейтап айыгып ооруканалардын чыгарылган. COVID-19у тастыкталган 16 адам каза тапкан.