Алайда Орусиядан каза болгон туугандарын алып келген эки жарандан коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Ош облусунун Алай районунун эки тургунунан коронавирус аныкталды. Алар Орусияда каза болгон туугандарынын сөөгүн алып келишкенде «Чыйырчык» постундагы Covid-19га жасалган анализ оң жыйынтык көрсөткөн.

Алай районунун акиминин орун басары Бакыт Осмоновдун айтымында, биринчи «жүк 200» 19-майда келген. Новосибирск облусунда каза тапкан кыргызстандыкты сөөгүн өлкөгө небереси алып келген.

«Маркумдун небереси Кыргызстанга келгенден кийин, сөөктү Алайдын “Чыйырчык” постуна чейин жездесинин унаасында жеткирген. Жездеси байланышта болгон адам катары обсервацияга алынды», — деди Осмонов.

Ал эми коронавирус аныкталган экинчи тургун 24-майда Москвадан «жүк 200» алып келген. Осмоновдун айтымында, маркумду үч адам коштоп келген — айдоочу жана эки жүргүнчү. Жүргүнчүлөрдүн бирөөсүнөн коронавирус аныкталып, калган экөө обсервацияга алынган.

Бул учурда да Орусиядан келгендер Алайдын «Чыйырчык» постунда текшерүүгө алынган.

Осмонов учурда коронавирус аныкталган эки кыргызстандык жана байланышта болгон үч адам аймактык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышкандыгын кошумчалады. Ошондой эле маркумдарды жерге берүүдө бардык санитардык талаптар аткарылып, санэпидемистанциянын кызматкерлери көзөмөлдөшкөндүгүн айтты.

Буга чейин 14-майда Ноокат районуна Орусиядан коронавирус жуктуруп каза болгон үч маркумдун сөөгү алынып келинген. Маркумдарды коштоп келген жүргүнчүлөр жана айдоочулар обсервацияга алынганы кабарланган.

Мыдан сырткары Кара-Кулжа районунда да 18-майда Орусияда жүрөк оорусунан каза болгон маркумду коштоп келген эки тургундан коронавирус аныкталган. Маркумдун тажыясына жакын туугандары келишип, коронавирус аныкталган эки тургун менен карым-катнашта болгон жалпы 77 адам аныкталган. Алардын баары обочого алынганы маалымдалды.

26-майга карата Кыргызстанда коронавирустун 35 жаңы учуру катталды. Ушуну менен өпкө илдетине кабылгандардын саны 1468ге жетти. Ал эми Ош облусу боюнча COVID-19 211 адамда аныкталды.