Түркияда жети памирлик кыргыз коронавирус жуктуруп алды

Иллюстративдик сүрөт

Түркиянын Анкара шаарында жашаган жети этникалык кыргыздан коронавирус табылып, бешөө учурда ооруканада дарыланып жатат. Ал эми калган экөө ооруканадан чыгарылып үй карантинине алынды. Бул тууралуу «Кыргыз түрктөрү маданият жана жардам берүү коомунун» өкүлү Мошал Гүвен «Клоопко» билдирди.

«Вандык кыргыздар десе эле Вандын Улуу Памир айылында жашаган кыргыздар окшойт деп жатышса керек. Бирок андай эмес. 7-8 жыл мурда Улуу Памир айылынан Анкарага бир нече кыргыз туугандар көчүп келишкен. Азыр бул жакта 50дөй түтүн вандык кыргыздар жашайт. Коронавирус ошолордон табылды», — деди ал.

Мошал Гүвен андан сырткары ооруканада дарыланып жаткан беш кишинин абалы «жакшы» экенин, күн сайын телефон чалышып, ал-акыбалын сурап турарын кошумчалады. Ал эми Вандын Улуу Памир айылында коронавирус катталбаганын белгиледи.

26-майга карата Джон Хопкинс университетини маалыматы боюнча Түркияда коронавирус 157 814 кишиге жугуп, анын ичинен 4 369 адам каза болду.

1982-жылы Ооганстандагы памир кыргыздарын түрк өкмөтү Түркиянын Ван аймагына көчүрүп келип, жер жана турак жай берген. Учурда Вандын Улуу Памир айылында 3 миңдей этникалык кыргыз жашайт.