Карамушкина менен Момбеков атамбаевчил КСДПдан чыгып кетишти

Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов парламенттин КСДП фракциясындагы депутаттары Ирина Карамушкнина менен Рыскелди Момбеков партиянын курамынан чыгып кетишкенин билдирди.

«Отурумда Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаевдин кайрылуулары, ошондой эле Мирбек Айтикеевдин видеокайрылуусу окутулган. Эң башкысы Атамбаевдин кайрылуусу болгон, бирок ал эч кимдин тарабына өткөн жок жана ушундай кыйын убакта партиянын биримдикке чакырган», — деди Турдукулов.

Анын айтымында, ал өзү да патрбилетин тапшырган, анткени «өзүн партияда көрө албай калган».

Буга чейин Ирина Карамушкина курамында Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодуранова бар партияга мүчө болбой турганын айткан. Рыскелди Момбеков көпчүлүктүн көз карашын колдоп, бирок биримдиги жок партияда катышпай турганын белгилеген.

Атамбаевдин уулдары — Сеид менен Кадыр Атамбаев саясий кеңештин мүчөлөрү болбогондуктан, алар отурумга катышышкан эмес.

КСДП, Атамбаевсиз КСДП жана Атамбаевдин уулдары бар КСДП. Кандайча?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирештен кийин 2019-жылы Кыргызстандын эң таасирдүү — КСДП — партиясы ыдырап кеткен. Партиячылардын бир бөлүгү учурдагы президентти колдоп, ал эми дагы бир бөлүгү позициясын билдирген эмес, ал эми дагы бир кичинекей бөлүгү мурдагы лидерди жактап калган.

КСДП мурда партиядан куулуп чыгарылган Сагынбек Абдрахманов жетектеген «Атамбаевсиз КСДПга» жана Атамбаев бар болгон КСДПга бөлүнүп кеткен. Бирок экөө тең алдыңкы саясий күч болбой калышкан. Ал эми мурдагы президент камакка алынгандан кийин, аны колдоп келген партиянын чакан бөлүгү да ыдырап кеткен.

Өткөн аптада партияда калган мүчөлөрү бири-бирин ачык айыптай башташкан.

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, Атамбаевдин уулдары жаңы социал-демократиялык партия түзүп, анын курамына атамбаевчил КСДПнын үч мүчөсү — саясий кеңештин мүчөсү Адил Турдукуловду, атамбаевчил КСДПнын төрайымы Асел Кодуранова менен анын орун басары Кундуз Жолдубаеваны кошпой коюшкан.

Турдукулов Атамбаевдин уулдары жана Карамушкина менен ачык кайым айтыша кетти. Саясатчыга Сеид менен Кадыр Атамбаев партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болбой туруп эле анын атынан чыгып, чоң билдирүүлөрдү жасап жатышканы жаккан эмес. Карамушкина Атамбаевдин уулдарына болушуп, Турдукуловду мурдагы президенттин уулдарынын атактуулугун көрө албаган интриган деп атады. Карамушкина ага анын оппозициялык мезгилин эске салган.

Адил Турдукулов Атамбаевдин башкаруу убагында анын көптөгөн чечимдерин сындап, оппозициячыл активист болгон. Ал эми Атамбаев мураскери Жээнбеков менен араздашып оппозицияга кетип калганда Турдукулов мурдагы өлкө башчысын колдоп, атамбаевчил КСДПнын саясий кеңешинин курамына кирген.

Анын пикири боюнча, партияны мурдагы президенттин уулдары ыдыратып жатышат — алар атасы камакка алынгандан кийин саясатчы болууну чечишкен. Мурда Атамбаевдин уулдары өлкөнүн саясий турмушуна катышчу эмес.

Турдукулов менен Карамушкинага караганда бир тууган ага-ини Атамбаевдер соцтармактагы барактарында талкуу уюштурушпайт — алардын аккаунттары согуш ардагерлерине баргандагы жана кайрымдуулук акцияларына катышкандагы сүрөт отчётторуна толгон. Сүрөт отчётторундагы башкы каармандардан үчөө бар — Атамбаевдин уулдары жана КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков. Алар азык-түлүктү чогуу ташып, бак-дарак тигип, нан бышырган мештен самсыны бирге чыгарып, соцтармактарда бирдей посстторду жазышат.