Улуттук банктын кызматкеринде COVID-19 табылып, 40 адам үй карантинине кетти

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 27-майда басма сөз жыйынында бир кызматкерде коронавирус аныкталганын билдирди.

Протоколго ылайык, коронавирус жуктурган бир киши аныкталгандан кийин аны менен байланышта болгон банктын 40 кызматкери үй карантинине жөнөтүлгөн. Ал эми COVID-19 аныкталган банктын кызматкери ооруканада дарыланууда.

«Ооруп калган адам менен байланышта болгон 40 адамдан анализ алынды. Улуттук банктын кызматкерлеринде коронавирустун эч кандай жаңы учурлары аныкталган жок», — деп кошумчалады Абдыгулов.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, 27-майда республикада коронавирус жуктуруунун 52 жаңы учуру катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө COVID-19 жуктуруунун 1 520 учуру аныкталган. 1 043 адам ооруканадан айыгып чыгып, 16 бейтап каза тапкан.