ИИМ Чүй облусундагы жол инспекторунун өлүмү боюнча иликтөө баштады

Ички иштер министрлиги Чүй облусунун жол коопсуздук инспекторунун каза табуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштады.

ИИМдин маалыматына ылайык, патрулдук кызматтын кенже инспектору белгисиз жагдайларда каза тапкан. Бул факт Жайыл РИИБнин КЖБРине катталган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өлүмдүн жагдайларын жана себебин аныктоо үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан.

ИИМден кошумчалашкандай, объективдүүлүк үчүн ишти министрликтин Ички иликтөө кызматы алып барат.

Буга чейин Katus.Media жана 24.kg басылмалары 27-майда Жайыл районунда жол инспектору табелдик тапанча менен өзүн башка атканы тууралуу кабарлашкан.