Түлөбердиев паркындагы чөгүп кеткен брусчатка оңдолду. Тротуарды ӨКМдин унаасы тебелеп өткөн

Бишкек мэриясынын Биринчи май райондук администрациясы Чолпонбай Түлөбердиевдин айкелиндеги түшүп калган тамгаларды алмаштырып, парктагы чөгүп кеткен брусчатканы калыбына келтирди. Тротуарга коюлган брусчатканын чөгүп кетишине ӨКМдин унаасынын анын үстүнөн өткөнү себеп болгон. А бирок тамгалардын түшүп калышына бүлдүргүчтөрдү айыпташууда.

Чөгүп кеткен брусчатка

Сүрөт: Владимир Цай

Жаңы ачылган парктагы чөгүп кеткени тартылган брусчатканын сүрөтүн 27-майда Владимир Цай жарыялаган — ошол күнү дароо эле Биринчи май райондук акимиатынын орун басары Мавлян Аскарбеков тротуар оңдоло баштаганын билдирген. Тротуарга төшөлгөн брусчатка алмаштырылган.

«Бишкекасфальтсервис» брусчатканын чөгүп кетишине ӨКМдин машинасы себеп болгонун билдирди.

«[Брусчатканын] чөгүп кетишине оор техниканын өтүшү себеп болгон. ӨКМдин машинасы дезинфекция ишин жүргүзүп жаткан. Ал “Бишкекасфальтсервис” ММдин кызматкери тарабынан оңдолду. Эртең чектегич [белгилерди] коёбуз», — деп жазды мекеменин кызматкери Зарема Үсөнбаева.

Пластик тамагалар

Сүрөт: Владимир Цай

Брусчатка чөккөнгө чейин паркта башка көйгөй жаралган — президент Сооронбай Жээнбеков ачкан Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигиндеги тамгалар түшүп калган.

Тамгалары түшүп калган эстеликтин сүрөтүн 25-майда ошол эле Владимир Цай жарыялаган. Ал эстеликтин тамгалары пластиктен экенин айткан. Мэриянын айтымында, бүлдүргүчтөр «курч буюм менен тамгаларды кескилеп, чийгилешкен».

Эртеси күнү Аскарбеков фейсбукта түз эфирде советтик баатырдын эстелигиндеги тамгалар «пластиктен эмес, алюкобонддон» жасалганын айтып берген. Анын айтымында, бул жетишээрлик сапаттуу материал.

«Ал клей жана эки тараптуу скотч менен жабыштырылган болчу. Азыр биз Түлөбердиевдин аты чегилген гранит тактайын орнотуп, аны бурама менен бекитип койдук», — деп түшүндүрдү Аскарбеков.

«Паркты басып алуу» жана бүлдүргүчтөр

Бишкек мэриясы бүлдүргүчтөрдүн зыянына арызданууда — тамганы чукуп чыгарып салгандар да, таштанды челектерин уурдагандар да, селкинчектердин отургучтарын бурап чыгырып салгандар да ошолор.

Вице-мэр Мирлан Амантуров бүлдүргүчтөрдү издөө үчүн Биринчи май районунун башчысы менен «Бишкекасфальтсервистин» жетекчисине УКМКга жана милицияга арыз жазууну тапшырды.

«Вандалдарга жана баскынчыларга каршы күрөшүү үчүн паркта ар түнү саат 23:00дө рейд жүргүзүү чечими кабыл алынды», — деп билдирди Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары.

Аскарбеков видео эфиринде өзүн «жергиликтүүлөрбүз» деп атаган белгисиз адамдар ижарага велосипед, бокс үчүн автоматтарды жана балмуздак сатуу үчүн муздаткычтарды коюп алып, паркты басып алууга аракет кылышканын айтып берген.

2020-жылдын 9-январында «Бишкекасфальтсервис» Экинчи дүйнөлүк согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигин жасоо үчүн тендер жарыялаган. Тендерге ылайык, эстелик 3 млн сомго бааланган. Бирок тендер жокко чыгарылгандыктан, эстеликтин акыркы баасы белгилүү эмес.

Түлөбердиевдин эстелиги ушул эле аталыштагы парктын аймагында орнотулган. Бул парктын аянты 10 гектарды түзүп, анын курулуш иштерине 48 млн сом сарпталган. Парктын реконструкциясы 4-майда аяктаган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул эстеликти Жеңиш күнүнө карата 7-майда ачкан.