50дөн ашуун кыргызстандык Филиппин жана Түштүк Кореядан мекенине кайтып келди

Республикалык штаб 29-майда атайын чартер каттамы менен Түштүк Корея менен Филиппинден 58 кыргыз жараны мекенине кайтып келгенин кабарлады.

«Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган», — деп билдиришти штабдан.

Келгендердин бардыгы Саламаттык сактоо министрлигинин агоритмине ылайык, медкароо жана ПЧР-анализин алуу үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Коронавирус пандемиясынан улам көптөгөн өлкөлөр карантин жарыялашып, чек араларын жаап, авиа каттамдарды токтотушкан. Жыйынтыгында, чет өлкөдө калып калган кыргызстандыктардын көбү мекенине кайта албай калган.

Бийлик кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу үчүн атайын чартер каттамдарын уюштуруп жатат.