Бала бакча, пансионат жана ички каттамды жандантуу. Июндан тарта эмнелер иштеп баштайт?

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 29-майда брифингде 1 жана 8-июндан тартып ишин жанданта турган экономикалык ишмердиктин тармактары тууралуу кабарлады.

  • Бороновдун айтымында, 1-июндан тартып төмөнкү ишмердик тармактары ишин баштай алат:
  • Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
  • Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
  • Аудит жана консалтингдик компаниялар;
  • Жарнама агенттиктери;
  • Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.

Ал пансионаттардын жана башка эс алуу жайларынын ээлери коронавирус инфекциясы жайылып кетпеши үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин бардык талаптарын аткаруулары керектигин белгиледи.

Аталган жайларга баргандар да айрым талаптар менен сунуштарды сактоолору керек. Мисалы, пансионатка же эс алуу үйүнө чейин жетүү жана симтому билинбеген оорулулурдан COVID-19 жуктуруп албаш үчүн Боронов жеке унааларды колдонууну сунуштайт.

«Эгер мурда пансионаттарга, эс алуу жайларына уюшуп барышкан болсо, мисалы, автобус же бустар менен, азыр болсо жарандарга жеке автоунааларын колдонгонууну сунуштайбыз», — деди вице-премьер.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 29-майда өткөн брифингде Ысык-Көл облусуна кирип баратып посттон өтүп жатканда туристтер үчүн эч кандай тоскоолдуктар болбосун, кирип бараткан жарандардын температурасы гана текшерилээрин билдирди.

Ал учурда бардык эс алуу аймактарында санитардык эрежелерди сактоо боюнча талаптар иштелип жатканын белгиледи. Ага орунжайлардагы санитардык нормалар, келип-кеткендердин ортосундагы аралыкты сактоо жана башкалар кирет.

Кийинки этап менен, 5-июндан тартып, бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелери ишин баштай алышат.

«Алардын иши, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт», — деди биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Боронов.

Боронов 5-июнга чейин жергиликтүү бийлик органдары ар бир мектепке чейинки мекемени бардык санитардык талаптарга ылайык иштөөгө даярдыгын текшерген атайын комиссия түзөөрүн, аларга текшерүүдөн кийин гана иштөөгө уруксат берилээрин маалымдады.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык штабдын талаптарын сактоо милдетүү болуп саналат, анткени учурда COVID-19 симптомдору жок өтүп жаткан ооругандардын саны көбөйгөн жана ушуга байланыштуу коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору.

Кийинки этап менен, 8-июндан тартып, ички авиакаттамдар ишин баштайт.

«Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет. Учак менен учуу автобус жана маршруткалар менен жүрүүгө караганда коопсузураак, анткени бир каттам бир саатка чукул убакытка созулат», — деп билдирди Боронов.

Көптөгөн тармактарынын ишин жандантууга уруксат берилгени менен өлкөдө дагы деле төмөнкү тармактар боюнча чектөөлөр сакталууда:

  • маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
  • көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
  • интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
  • кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
  • соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;
  • балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкандарынын;
  • билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана);
  • автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.

Коронавирус пандемиясынан улам бийлик март айында өзгөчө кырдаал режимин бүт Кыргызстанда жана өзгөчө абал режимин, коменданттык саатты айрым шаарларда жана райондордо киргизген. ӨА режими май айында алынган, бирок дагы деле өзгөчө кырдаал тартиби иштеп жатат.

Бийлик чектөө чаралары киргизилгенинен улам жабылууга аргасыз болгон ишканаларга 1-майдан тартып этап-этап менен иштөөгө уруксат берген.

Такси кызматтары, фитнес-залдар, 50 кишилик кафе жана ресторандар, буюм базарлары, соода борборлору, коомдук транспор жана башкалар иштеп баштады.