Депутат коррупция үчүн соттолгондорду жана чет өлкөдө эсептери барларды парламентке албоону сунуштады

Депутат Тазабек Икрамов парламенттик шайлоого «Коорупция» беренеси боюнча соттолгон жарандарды, анын ичинде бул берене боюнча соттолгондордун жакын туугандардын катыштырбоону сунуштады.

Жогорку Кеңеш депутаттын мыйзам долбоорун коомдук талкууга 28-майда чыгарды.

Мындан тышкары, Икрамов салык декларациясына киргизилбеген чет элдик банктарда жашыруун эсептери барларга да депутаттыкка аттанууга тыюу салууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, мыйзамдын максаты — мамлекеттик кызматтарда коррупцияны болтурбоо. Буга чейин ушул эле депутат өзүнүн кесиптештерин «чыныгы патриоттор» деп атаган.

Мыйзам боюнча президенттик же депутаттык кызматка адам эгер соттолгондугун жоё элек болсо гана талапкерлигин коё албайт. Жада калса эгер адам «Коррупция» беренеси боюнча соттолуп, бирок соттолгондугу жоюлган болсо, ал шайлоодо талапкерлигин коюуга толук укуктуу.

Мындайча айтканда бул абдан эле ыңгайлуу, анткени депутаттар кылмыш ишинин фигурантына айланып калган учурлар көп эле кездешет, алтургай аларды кээде кармап да кетишет, бирок соттолгондугу жоюулгандан кийин алар кайрадан парламенттеги ордуларына келишет.

Учурдагы депутаттардын арасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш иштери козголгон, ошондой эле Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова ж.б. Алар адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.

Депутаттар жана коррупция

Кээде депутаттарга карата кылмыш иштери козголот же депутаттык кол тийбестиктен улам токтотулган эски кылмыш иштери жандантылат.

Канатбек Исаевдин кыйла чырмалышкан ишинде да так эле ушундай болгон. Ага карата кылмыш иштери жоголуп, кайра жанданып, аны кармап, кайра бошотуп, кылмыш ишин токотуп, саясатчыны парламентке кайра кайтарышкан. Исаевге карата дээрлик бардык иштер дал ошол финансыга тиешелүү болгон — коррупция, уурдоо, жасалма тендерлер жана башкалар.

Айрым учурларда, укук коргоо органдарынын депутаттарга көңүл бурушуна ЖМКлардын же активисттердин материалдары себеп болот. Буга депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшерүү мисал болот алат — аны «Чоң Казат» антикоррупциялык кыймылдын катышуучулары коррупцияга айыпташкан.

Финпол Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар экенин жана ал көптөгөн компанияларда уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналаарын аныктаган. Бул иш «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча катталган.

Депутаттар декларацияларын туура эмес толтургандары дайыма билинип калат — чындыгында, аларды бул үчүн жазага тартууга болбойт. Депутат Бактыбек Райымкуловдун анчейин көп деле эмес мүлкүндө күмөндөр бар, депутат Айсулуу Мамашевада бир нече компания табылган, журналисттик иликтөөгө ылайык, Евгения Строкованын да жеке фонду бар — бирок Строкова өзүнө карата иликтөөнүн артында «онкологиялык фонддор» турат деп көшөргөн.

ТЕМА БОЮНЧА: