Интернетте география боюнча билими менен таанылган үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

Географияны билгендиги менен соцтармактардын бир топ колдонуучуларын таң калтырган Кайрат аттуу үй-жайсыз киши паспортко ээ болду. Бул тууралуу видеону депутат Алтынбек Сулайманов Инстаграм барагында жарыялады. Депутат Кайратка паспорт алууда жардам берген.

«Көпчүлүк мага окшоштуруп жаткан Кайратка бүгүн паспорт алдык. Бул жаңы жашоого болгон алгачкы кадам. Буюрса, жакынкы күндөрү Кайраттын дагы башка ийгиликтерине күбө болосуздар», — деп жазган депутат.

Кайрат менен депутат Алтынбек Сулаймановдун окшоштугу тууралуу соцтармактардын колдонуучулары жаза башташкан. Соц тармактын колдонуучулары алардын сүрөттөрүн салыштырып, Кайратты депутаттын «түгөйлөшү» деп аташкан. Кийинчерээк депутат өзү да Инстаграмга Кайраттын жана өзүнүн сүрөтү кошулган коллажды жүктөп, «Биз баарыбыз окшошпуз» деп жазган.

Эми, мамлекеттен жардам алып, паспортко ээ болгондон кийин Кайрат жумуш таап, жаңы жашоо баштайм деп үмүттөнүп турат.

«Документтер мен үчүн чоң нерсе, эми мен туруктуу иш таба алам. Мага перспективалар ачылды», — деди ал.

Көчөдөгү географ

Кайрат апрелдин аягында соцтармактардын колдонуучулары ал тартылган видеону чыгарышкандан кийин интернет жылдызына айланган. Видеодо Кайратка милицонерлер география боюнча суроолорду берип, ал аларга туура жана тез жооп берип атканы чагылдырылган.

Кайраттын билимине ошол убактагы Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев да суктанган.

«Мен дагы мектепте географияны жакшы көрчүмүн. Балдарыбыз бул сабакты жакшы окуп билиши керек деп эсептейм. Бул үй-жайсыз адамдын энциклопедиялык билимине таң калдым! Мен дагы анын видеосун көрдүм. Акылынын курчтугуна баа бердим», — деп жазган Орозалиев фейсбуктагы барагында.

Кийинчерээк калаа комендатурасынын кызматкерлери соцтармактардын колдонуучуларынын жардамы аркылуу Кайратты таап, ага жолугушушкан. Ага азык-түлүктөрдү алып барып, документ жактан жардам берүүнү убада кылышкан.

Кайраттын окуясы

«Кактуска» курган маегинде Кайрат өз окуясын айтып берген. Анын айтымында, ал географияга бала чагында, чоң апасыныкына жашоого көчүп кеткенден кийин эле кызыга баштаган.

«Чоң апамдыкында дүйнө шаарлары тартылган карточкалар бар болчу. Мен аларды таап алганда алты жашта болчумун. Мен аларды тизип, карап отурганды жакшы көрчүмүн. Ал эми 11 жашыма колума күтүүсүз жерден эле Нью-Йорк шаары туураалуу китеп тийип калды. Ошондон кийин китепке кызыгып кеткем», — дейт ал.

Анын айтуусу боюнча, ал жергиликтүү китепкананын туруктуу коногу болчу, ал тургай китепканачы аны жаттап да алып, тажаттың деп тамашалачу.

Кайрат аялы 12 жаштагы кызын алып таштап кеткенде үй-жайсыз калганын эскерген.

«Аялым 12 жыл мурда таштап кетип, ошондон кийин өзүмдү таштап койгом. Ичип, эшикте жашай баштадым. Жашооң ошондой болуп атканда ичпей коё албайсың. Туруктуу үй-жайы жок адам болуп туруп бир күн да соо жүргөн адамды көргөн эмесмин», — деп түшүндүрөт Кайрат.

Азыр ал жумуш таап, ден соолугуна кам көрүп жашагысы келет.

«Ар бир жерде соо адам керек экенин түшүндүм. Соо болсоң — жумуш да, акча да, үй да болот. Башкысы — иштеш керек, ал колуман келет. Мага аз эле калды, эмнесин айтайын. Өмүрүмдүн бир тобун жашап койдум. Бул өмүрдү татыктуу жашап өтүү гана калды», — деди ал.

Башкы сүрөт: Депутат Алтынбек Сулаймановдун инстаграмы.